"Евразия санариптик платформалары" сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 21-июлунда "Ысык-Көл – 2018" экономикалык форумунун аянтында өткөн эл аралык инновациялык долбоорлордун жыл сайын өтүүчү "Евразия санариптик платформалары" сынагынын жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

"Евразия санариптик платформалары" сынагына Кыргыз Республикасынан 30га жакын долбоор катышты. Долбоорлорду баалоонун жыйынтыгы боюнча жарым финалга 12 долбоор чыгып, алардын төртөө жеңишке жетишти:

-"ЕАЭБ санариптик келечеги" номинациясында "Турак жай салыгын эсептөө платформасы" долбоору жеңди.

- "ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер" номинациясында MEDARGUS долбоору жеңген.

- "ЕАЭБ мыкты санариптик долбоорлору" номинациясында "Көндүмдөр менен алмашуу" долбоору жеңишке жеткен.

- "ЕАЭБ санариптик күн тартиби темасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн мыкты оюндар" номинациясында OkuuGame долбоору жеңди.

Сынактын катышуучуларынын идеялары жана эмгектери менен биримдиктин бардык беш мамлекетинин атынан чыккан жана санариптик экономика маселелери боюнча чечимдерди кабыл алган дээрлик 250 алдынкы компетенттүү эксперттер таанышып чыгышты.

Жарым финалдын жеңүүчүлөрү октябрдын аягында Ереванда "Евразия жумалыгы" форумунда сынактын финалына катыша алышат. Жеңүүчүлөрдүн алдында мамлекеттер аралык жана мамлекеттик колдоо алууга, инвестицияларды жана лидерлик кылган санариптик корпорациялардан, венчурдук фонддордон, тармактык ассоциациялардан башка түрдө жардам тартууга кошумча мүмкүндүктөр ачылат.

Маалымат үчүн: Эл аралык инновациялык долбоорлордун "Евразия санариптик платформалары" сынагы "Евразия жумалыгы" форумуна даярдануунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюшулган. Быйыл биринчи ирет уюшулууда, мындан ары жыл сайын өткөрүлөт. Сынактын максаты – ЕАЭБ санариптик күн тартибин ишке ашыруунун Негизги багыттарын эске алуу менен Интеграцияланган маалыматтык тутумду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошууга жөндөмдүү компанияларды жана долбоорлорду аныктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий