Европа чемпионатынын алдында футбол күйөрмандары үчүн жаңы ден соолук эрежелери жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 12.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Быйыл футбол боюнча кезектеги Европа чемпионаты (EВРО-2024) өтөт. Оюндар Германияда 14-июнда башталып, 14-июлга чейин созулат. 1 ай бою беттештер 70 миң киши бата турган стадиондордо өткөрүлөт. Чемпионат төрт жылда бир өткөрүлүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүүчүлөрдү өзүнө тартат.

Ири мелдешти утурлай, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Ден соолук боюнча билим берүү федералдык борбору (Германия) жана Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча Европа борбору ЕВРО-2024 көрүүчүлөрүнүн ден соолугун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдады.

Бул колдонмолор күйөрмандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, ошону менен бирге чемпионаттын мүмкүн болушунча позитивдүү болушуна багытталган.

"Быйыл Германияда өтө турган ЕВРО-2024 чемпионаты– бул дүйнө жүзүндөгү адамдар үчүн эң сонун футбол фестивалы, өзүңүздү жана ден соолугуңузду коргоо үчүн бир нече жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек. Биз бардык спорт күйөрмандары үчүн ден соолук боюнча пайдалуу кеңештерди даярдадык. Жайында ысыктан жана ультрафиолет нурлануусунан коргонуу өтө маанилүү. Ашыкча спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болуңуз. Сиз бардык керектүү эмдөөлөрдү, анын ичинде кызамык жана COVID-19га каршы эмдөө алууну эстен чыгарбаңыз. Өзүңүзгө кам көрүңүз жана оюндан ырахат алыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иштеп чыккан көрсөтмөлөрдө гигиенаны сактоонун, оорунун алдын алуу үчүн чараларды көрүүнүн жана жергиликтүү ден соолук боюнча буйруктарды аткаруунун маанилүүлүгү баса белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий