• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Финансы министрлиги мамлекеттик казына облигацияларын чыгаруунун жаңы механизмин сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында коммерциялык банктардын жана финансы институттарынын жетекчилеринин катышуусунда бизнес-жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө учурда коммерциялык банктардын катышуусу менен ишке ашырылып жаткан мамлекеттик программалардын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигинин жаңы инструменттери жөнүндө презентация болду. Анда мамлекеттик казына облигацияларын (МКО) чыгаруунун жаңы механизми сунушталды. МКОну чыгаруу аркылуу тартылган каражаттар түздөн-түз курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого багыттала тургандыгы маалымдалды. Маселен, 2023-жылы бул максатка 10 млрд сом бөлүнсө, 2024-жылы каржылоонун көлөмү 15 млрд сомго чейин көбөйгөндүгү айтылды.

Ошондой эле валюта менен алмашуу (своп-операция) механизмин киргизүү каралды. Бул инструмент учурдагы каржылык муктаждыктарга жараша валюта тобокелдигин оптималдаштырууга жана милдеттенмелерди натыйжалуу башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө валюталык своп-операцияларынын көлөмү 78,34 млн АКШ долларын түздү, анын ичинен 44,34 млн АКШ доллары 2023 - жылы, ал эми 34,0 млн АКШ доллары-2024-жылдын 10 айында жүргүзүлгөн.

"Банктар чындыгында биздин Каржы тутумубуздун флагманы болуп, ишенимдүүлүктү жана туруктуулукту камсыз кылышты, бул өз кезегинде мамлекеттик каржы саясатын ишке ашырууда маанилүү ролду ойнойт. Алар каржы секторун модернизациялоого, жарандар жана бизнес үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту жакшыртууга багытталган негизги долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууда. Банктык тутумдун бүгүнкү күндө өнүгүшү түздөн-түз өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Баса белгилеп айта кетчү жагдай министрлик санариптешүү механизмдеринде баалуу кагаздарды чыгаруу боюнча жана башка бир катар финансылык инструменттерди иштеп чыкты.

Ошону менен катар бардык банктар Финансы министрлиги менен тыгыз иш алып барса, алардын ишмердүүлүгүндөгү байкалаарлык динамикалуу өсүш болот. Маселен, өткөн жылдан бери ири долбоорлорго катышкан бардык коммерциялык банктар олуттуу киреше ала алышты. Биргелешип кызматташуунун алкагында Министрликке атайын сунуш менен келүүңүздөрдү күтөбүз. Бирок, тилекке каршы ушул күнгө чейин бир дагы коммерциялык банктан же финансы институттарынан сунуш келип түшпөгөндүгү бизди түйшөлтөт", - деди Бакетаев.

Министрдин айтымында, келечекте мындай жолугушуулар салттуу түрдө уланат. Экономикалык өсүштү стимулдаштыруу жана улуттук валютанын туруктуулугун сактоо боюнча саясатта биргелешип иштөөбүз абзел.

"Мисалга алсак, санариптик технологиялар, төлөм системалары же банк кызматтары сыяктуу жарандарга жана бизнеске финансылык тейлөөнү жакшыртуу үчүн жаңы өнүмдөрдү же кызматтарды иштеп чыгуу, жаңы стандарттарды жана тажрыйбаларды жайылтуу, финансылык туруктуулукту колдоо жана башка маселелер боюнча сиздерден алгылыктуу сунуштарды күтөбүз", - деп кошумчалады.

Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууда кошкон салымдары үчүн мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий