• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"РСК Банк" 7 ай аралыгында дээрлик 4 млрд 785 млн сом насыя берген

Экономика 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7 айында "РСК Банк" ААК тарабынан жалпы 4 млрд 784 млн 982 миң 116 сомго 7 миң насыя берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "РСК Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, 7 миң насыянын 766сы борбордо берилсе, калганы аймактарга берилген.

"2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы аймактарды каржылоо 21%га өскөн. 2019-жылы бул көрсөткүч артууда. Банк тарабынан облустук бизнес долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган өзүнчө продукттар түзүлүүдө. Эң көп насыя Жалал-Абад облусунда – 1 миң 452, андан кийин Ош облусунда – 1 миң 37 насыя берилген", - деди Оморкулов.

Ал, 2019-жылы банктын адистери "Аймак", "Келишим" жана "Өнүгүү" өңдүү жеңилдетилген продукттарды иштеп чыгышканын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий