БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Индиянын Чандигарх шаарында зордуктоого кабылган 10 жаштагы кыз 17-августта кесарево жолу менен салмагы 2,5 килограммдык кыз төрөдү. Бийлик өкүлдөрү эне-баланын саламаттыгы дурус экенин билдиришти.
Өлкөнүн Жогорку Соту бул кызга бойдон алдырууга уруксат бербей койгон. Кыз көз жарып жатканын билген эмес. Ага ичеги-карындагы маселеден улам операция болоору айтылган.
Өспүрүм кыз ичи ооруганына даттанып, өткөн айда ооруканага жеткирилгенде кош бойлуу экени аныкталган. Кызды зордуктады деп жакын тууганы камакка алынганы кабарланган.
Кыздын ата-энеси 35-аптада төрөлгөн ымыркайды багуудан баш тартышып, аны асыроого берүүгө макул болушту.
Индиянын соттору бойдон алдыруу мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен бул практикага уруксат берген эмес.
Булагы: CENTRAL ASIAN
Пикир
Оставить комментарий