• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Интерполдун башкы катчылыгынын өкүлдөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. 25-26-ноябрь күндөрү Интерполдун Башкы катчылыгынын өкүлдөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алар ИИМ жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, Интерполдун Улуттук борбордук кеңсесине, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жана ИИМдин Академиясына барып алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, Интерполдун башкы катчылыгынын өкүлдөрү кылмышкерлерди издөө жана экстрадициялоо менен алектенген укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн атайын эки күндүк окуу семинарын өткөрүштү.

Семинардын максаты катышуучуларды Интерполдун эл аралык маалымат базасы менен иштөөнү тааныштырып, ошондой эле кылмышкерлерди издөө жана экстрадициялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн циркулярдык системаны натыйжалуу пайдалануу боюнча практикалык сунуштарды талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда Интерполго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негиздери, эл аралык сот адилеттиги жана укук коргоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору менен тажрыйба алмашууда тараптар мамилени чыңдоо керектигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий