• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бир күн ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бир күн ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чоң-Арык айылынын (Ленин району) Кожобергенов көчөсүндө жалпы аянты 50 чарчы метр болгон дүкөн (ичиндеги азык-түлүк, үй-тиричилик техникасы) күйгөн.

Жайыл районунун (Чүй облусу) Петропавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө турак үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй-тиричилик буюмдары күйгөн.

Алай району (Ош облусу) Ленин-Жолу айылында аянты 108 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий