Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. "Көлмө" жаңы конушунда канализация курулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэрия жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда.
"Көлмө" конушунун Кулиев көчөсүндө канализациялык тармактардын курулушу башталды. Канализация түйүндөрүнүн узундугу 445 метрди түзөт, алар 30га жакын үйдү камтыйт",-деп айтылат билдирүүдө.
Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча, «Дрим Строй» курулуш компаниясы жеңүүчү табылып, курулуш иштерин жүргүзүүдө.
Компания курулушту ушул күздө бүткөрүүнү пландоодо.
Пикир
Оставить комментарий