• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Коопсуз шаар” боюнча онлайн аукцион: Мамсатып алуулардын электрондук системасында техникалык мүчүлүштүктөр катталды

Коом 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” боюнча онлай аукциондун биринчи фазасында КР мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасында техникалык мүчүлүштүктөр болду.

КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров түзүлгөн абал боюнча түшүндүрмө берди.

“Сынактын өзү потенциалдуу катышуучулардын кызыгуусун жаратты деп айта алабыз. Система азырынча белгисиз себептерден улам ким жеңүүчү болгондугун аныктаган жок. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети учурда эмне себептен мындай болгондугу тууралуу техникалык кызматкерлердин тыянагын күтүп жатат. Андан соң ведомство ыкчам түрдө текшерүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет”, - деп билдирди ал.

Бүгүн, 23-августта Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин имаратында “Коопсуз шаардын” биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча аукцион болду.

Пикир

Оставить комментарий