Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу тармактарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу күндүз кээ бир көчөлөрдө жарык күйгүзүлүүдө.
"Көчөлөрдү жарыктандыруунун электр тармактары белгилүү бир аймакта чыңалууну камсыздоону же алып салууну камсыз кылбайт. Ошондон улам бир нече көчөдө бир убакта жарык күйүп, ал эми «Бишкекжарыктын» энергетиктери чырактарды алмаштырып, байланыш түйүндөрүн кайра карап чыгышат. Көчө жарыктары 15 мүнөттөн ашык эмес күйгүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Тышкы жарыктандыруу боюнча «Бишкекжарык» авариялык-диспетчердик кызматына 0312 46-30-89 жана 0312 57-63-51 WhatsApp 0777 902-115 (24/7) телефондору аркылуу кайрылууга болот.
Пикир
Оставить комментарий