• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Москва районунда коомдук жайларда уурулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Москва районунун аймагында коомдук жайларда чөнтөк уурулуктарын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-март күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы тарабынан коомдук жайларда жана коомдук транспорттордо чөнтөк уурулуктарын алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чара өткөрүлдү.

Анда коомдук транспорт каражаттарынын айдоочулары, маршруттук каттамдардын бригадирлери жана жүргүнчү ташыган такси айдоочулары менен жолугушуу уюштурулуп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада айдоочуларга жана маршруттук каттамдардын бригадирлерине райондук ички иштер органдарынын телефон номерлери жазылган 150дөн ашык эскертмелер таркатылды. Ошондой эле фермерлер жана жергиликтүү жашоочулар менен жүргүзүлгөн иш-чараларда уурулук кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кеңештер берилди.

Мындай иш-чаралар Москва районунун бардык айылдарында жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий