• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Каржы пирамидасы: жыл башынан бери 248 кылмыш иши тергелип, 100 материал сотко өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт.

ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Бишкек, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн каржы пирамидалар боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Бул жерге турак жай кооперативи жөнүндө фактылар боюнча маалыматтар кошулган жок.

Ведомстводон ошол эле учурда каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөнүн кошумчалашты. Милицияга кайрылган жарандардын баары өткөн жылдардагы каржы пирамидасынын курмандыктары болушат.

- “Финико” каржы пирамидасынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергелип жаткан кылмыш иштеринин жалпы саны 141, келтирилген материалдык чыгым 8 млн 45 миң сом, ошондой эле 1 млн. 687 миң АКШ доллары жана 711 миң сом.

-“World Business Consulting” каржы пирамидасы боюнча 12 кылмыш иши тергелген, жарандарга 301 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирилген.

-“Ихсан ЛТД Групп” боюнча 1 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 870 миң сом.

-“NWORK” боюнча 1 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 870 миң сомду түзүп, келтирилген зыяндын орду толтурулган.

-“Докодемо” боюнча 25 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 1 миллион 379 миң сом.

-“ОК платформа” боюнча 67 кылмыш иши тергелип, материалдар андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгым 23 миң АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий