• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын айланасын жакшыртуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманын айланасын жакшыртуу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда эски лотоктор демонтаждалып, жаңы ирригация системасы орнотулуп жатат. Эски жол бордюрлары алынды, жаңыларын орнотуу иштери жакында башталат.

Ошондой эле 50 метр жерге 3 метрлик темир тосмолорду орнотуу иштери башталды.

Белгилей кетсек, бардык иштер 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий