• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Самарада Кыргызстандан барган жасалма кол сааттардын чоң партиясы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Самарада бажы кызматкерлери Кыргызстандан барган белгилүү дүйнөлүк бренддеги жасалма кол сааттардын чоң партиясын аныкташкан.

Россия ЖМКры кабарлагандай, рейд учурунда мобилдик топ жүктү аныктаган. Бажы кызматкерлери Кыргызстандан Россиянын борбор шаары Москвага бара жаткан жүк ташуучу унааны токтоткон. Унаанын ичинде дээрлик 4 миңге жакын белгилүү бренддеги жасалма кол сааттары салынган кутулар табылган.

Самара бажы бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Юртаев билдиргендей, бажы кызматы тарабынан баардык текшерүү иштери аяктаганда атайын чара көрүлөт. Алынган жүк толугу менен жок кылынат.

Пикир

Оставить комментарий