Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович 1960-жылы Нарын шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин «тарыхчы» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эмгек жолун жогорку окуу жайында окутуучулук кесип менен баштап, кийин биротоло мамлекеттик кызматка өткөн. Жогорку Кеӊеште баш-аягы 26 жыл иштеп, катардагы кызматкерден Аппарат жетекчисине чейинки жооптуу кызматтарды аркалап келди. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси кызматына, ал эми 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматына дайындалды. Ал «Ардак Белгиси» ордени, КМШнын «Содружество» ордени, «Даӊк» медалы баш болгон көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Анын «Мамлекеттик кызматтын эмгек сиӊирген кызматкери» ардактуу наамы, «Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеӊешчиси» кызматтык чени бар. Ал бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин 30 жылдык мааркесине карата өз ой толгоосун ортого салып отурат.
Былтыр Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдык маарекесин белгисек, эми быйылэгемендиктин эң башкы символикалык белгиси болуп саналган Мамлекеттик желектин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Кантсе да, мамлекеттик символдорубуздун тарых-таржымалы өлкөбүздүн көз каандысыздыгы жана элибиздин эгемендиги менен тыгыз байланыштуу болгондуктан, аларды бири-биринен ажырым кароого болбойт.
Кыргыз эли атагы ааламга тараган, көркөм сөз күчү менен бүтүндөй дүйнөнү багындырган залкар ойчулубуз Чыңгыз Айтматовдой кайталангыс алп таланттарды тапкан, көлөмү миллиондогон сапка сыйбаган “Манас” эпосу баштаган ондогон элдик дастандарын, комуз күүлөрүн кылымдардан-кылымга сактап, ооздон-оозго көчүрүп, муундан-муунга жеткирип, ата-баба таберигин андан ары өнүктүрүп келди.Жараткан жалгап, Теңири колдогон. Ата-Бабасыалкап, Кызыры жолдогон эл экенбиз. Биз ошонубуз менен чындап сыймыктана алабыз.
Карт тарыхтын жайыгында 3000 жылдан ашуун таржымалы бар, VIII-IX кылымдар аралыгында Улуу Кыргыз каганатын түптөп, Борбордук Азия чөлкөмүндө өз өкүмүн жүргүзүп келген кыргыз эли тагдырдын далай-далай татаал дагы, катаал дагы сыноолорун баштан кечирди: бирде чамгарагы чартарапка чабылып-чачылып, башка бир чоочун элдин жетегинде калды, бирде кайра жыйылып-жайылып, эзелки душмандарынын күлүн көккө сапырып, өз өкүмүн чыгарып турду. Каар замандын мыйзамы мына ошондой.
Ошого карабастан, “Кырылган сайын күчөгөн кыргыз, Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз” түптүү эл экенин унутпай, биротоло майышып-майтарылып калбай, кандай кезең болбосун туусун колдон түшүрбөй, уңгулуу улуттук баалуулуктарын, көөнө тилин, көкүрөк дилин, нукура каада-салтын, элдик нарк-насилин сактай алды. Ал үчүн миңдеген жылдар бою өз элинин эгемендиги үчүн кан-жанын аябай күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын арбагына таазим этип, ар дайым ыраазычылык билдирип туруугамилдеттүүбүз.
Ошентип, Жараткандын жадыгы менен, бизге 90-жылдардын башыда дагы бир зор мүмкүнчүлүк ыроолонуп, Легендарлуу парламенттин 1991-жылдын 31-августунда өткөн кезексиз сессиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация” жөнүндөгү токтом кабыл алынды. ата-бабаларыбыздын эзелтен келаткан изги тилеги орундалып, рамий түрдө Кыргызстан эгемен өлкө катары жарыяланды.
Мен билгенден, “эгемен” деген термин кезинде кыргыз элинин адабий тилин, салт-санаасын, нарк-насилин, тарых-таржымалынмыкты билген жазуучу жана котормочу, айтылуу “Теңири Манас” романынын автору Ашым Жакыпбеков тарабынан сунушталыптыр. “Эгемен” деген сөз “мен өзүмө эгемин” деген эле маанини туюндурат. Бул жагынан алганда, “суверенный” (көз карандысыз же өз алдынча) деген сөздүн мааниси кыргызча таптак берилген. Андан тышкары, “гимнди” ураан, “гербди” энтамга катары да сунуштаган экен, тилекке каршы, алар өткөн эмес.
Мына ошол тарыхый чечимди жүзөгө ашыруу алкагында, комиссия түзүлүп, мамлекеттиксимволдордун долбоорлоруна сынак жарыяланган. Сунуштар өтө көп түштү, ой-пикирлер менен талаш-тартыштар андан да көп болду. Сунушталган долбоорлорду бир нече баскычта жүргүзүлгөн иргөө жыйынтыгында, тактап айтканда, 1992-жылдын 3-мартында Мамлекеттик желек, 1992-жылдын 18-декабрында Мамлекеттик гимн, 1994-жылдын 14-январында Мамлекеттик герб кабыл алынып, алардын параметрлери так сыпатталуу менен, колдонуу тартиби бекитилди. Ошондон бери жол-жоболору “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сомволдору жөнүндө” мыйзам аркылуу жөнгө салынып келет.
Дегеле мамлекеттик символдордун баарын эгемендиктин өзүнөн дагы, өзөгүнөн дагы ажырым кароого болбойт. Анын ичинде Кыргызстандын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, 5-март күнү ордо калаанын борбордук аянтында расмий түрдө көтөрүлгөн. Ал эми 2009-жылдын 10 июнундаКыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик желек күнүн белгилөө жөнүндө” жарлыгы чыккан. Ал эми башка символдорбоюнча азырынча мындай документ жок.
Менимче, мамлекеттик символдор – Желек, Гимн, Герб бардык жагынан теӊдеш-тектешбелгилер. Де-юре ушундай. Ал эми де-факто жагына келсек, Мамлекеттик желек ошол мамлекеттик символдордун сап башында турат:биринчиден, Мамлекеттик желек эң алгач кабыл алынган мамлекеттик символ болуп саналат; экинчиден, эгемен Кыргызсан эл аралык аренада дал ушул күн нуру чачыраган кырмызы кызыл желеги менен таанымал; үчүнчүдөн, кандайдоордо кайсы эл болбосун, ар дайым өз туусун түптүү журттун башкы тиреги катары кастарлапкелген.
Канткен менен, мамлекеттик символдордун ар бири биз үчүн канчалык маанилүү болгону менен, алардын ар бирине өзүнчө күн белгилеп майрамдоо акылга сыйбаган нерсе. Ошондон улам, Мамлекеттик желек күнүн дагы башка мамлекеттик символдордун – Гимн жана Герб күнү катары карасак деле жарашат. Ал эми алардын баарын бириктирип туруп эле, Мамлекеттик символдор күнүнө айландырып алсак, андан дагы дурус болмок. Айрым өлкөлөрдө Мамлекеттик символдор күнү катары алардын чогуу белгиленип келатканына күбө болуп жүрөбүз. Эми, аны мезгил өзү көрсөтөр.
Өзүӊөр жакшы билгендей, мамлекеттик айрым символдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу өөдүк-сөөдүк сөздөр да анда-санда башбага калып жүрөт. Эми, андай алешем айгайлар менен кычык кептер боло келген, боло берет. Бирок, мындай азыткы ойдон алыс болуш керек. Мамлекеттик туубуз жалпы журттун колдоосуна ээ болуп, эл аралык деңгээлде таанылып калган чакта, аларды кайра өзгөртүүнүн кажети деле жок. Андан көрө, мезгил сынынан өткөн мамлекеттик сомволдорубузду ыйык тутуп, аяр күтүп, кастарлап алышыбызкерек. Бул дагы – карт тарыхтын талабы, өткөн мезгил сабагы!
Белгилей кетчү дагы бир маанилүү жагдай бар, ошону дагы бир ирет эске сала кетели. Мисалы, Жапония дүйнөгө «Күн чыгыш өлкөсү», Англия «Тумандуу альбион», Кытай «Көк мелжиген өлкө», Корея «Таңы салкын өлкө»деген сындуу каймана аттары менен белгилүү. Мындай өлкөлөрдүн катары калың. Анысы кандай, ортодо алтын нуру чагылган кырмызы кызыл тууну көргөндө, өлкөбүздүн башынан келаткан «Күнөстүү Кыргызстан» деген каймана аты дароо эле эске түшөт.
Кыскасы, Мамлекеттик туубуз көркөмдүк-эстетикалык талаптарга да, эл аралык гералдика стандарттарына толук жооп берет. Көркөмдүк жагынан алганда, ал өзгөчө табит, чоң чеберчилик менен жасалганы байкалып турат. Биздин тилегибиз акталып, азыр ал эгемен Кыргызстандын башкы символдорунун бири катары, анын эгемендиги менен көз карандысыздыгынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошентсе да, Мамлекеттик туубуздун маани-маңызы менен өң-түспөлүн ар кимиси алына жараша ар кандай чечмелеп жүрүшөт. Мен деле ошолордун катарындамын.
Менимче, желектеги бирдиктүү кызыл фон – каармандыктын белгиси, кызыл түстөгү туу байыртан эле кайраттуу элдин баш байрагы болокелген. Кырмызы кызыл фондогу алтындан бүткөн сары алкак – кут ордолуу кыргыз журту. Андан тараган кырк шоолалуу алтын нур – кырк уруудан куралган кыргыз эли. Ал эми кут ордонун үстүндө көтөрүлгөн чамгарак түндүк сыпаты байыркы көмөндөр цивилизациясын, анын ичинде түрк дүйнөсүн чексиз аалам менн айкалыштырып турган энтамганы туюнтат. Мен ушуга ынандым.
Ошентип, Мамлекеттик желегибиз теориялык жана практикалык жактан геральдика илиминин баардык талаптарына шайкеш келет. Ал эми туу, желек, байрак, асаба деген түркүн түшүнүктөрдү, алардын орду менен маани-маңызын айырмалоо таржымалына кийинчерээк кенен кайрылып, ар тараптуу чечмелеп берсем деген оюм бар.
Эң башкысы, эгемен Кыргызстандын Мамлекеттик желеги – кыргыз элинин көзкарандысыздыгынын символу, биздин өлкөнүн дүйнөлүк коомчулук арасында өзүнүн татыктуу ордун тапкандыгынын айкын далили. Ушу тапта Мамлекеттик желегибиз кыргыз жергесинде элеэмес, анын чегинен тышкары жерлерде – Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде, Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдардын флагштокторунда желбиреп турган чагы. Көп ичинен биздин желекти дароо айыра тааныйсың.
Ырас, эгемендик жылдары көптөгөн тарыхый сыноолорду башынан кечирдик, биртоп кыйналдык, көпкө чайналдык дегендей. Бирок кырмызы кызыл туубуздун алдында өз мамлекеттүүлүгүбүздү, эл биримдигин сактап кала алдык. Азыркы учурда кыргыз эли жаңылануу, тазалануу, элдик бийликти бекемдөө, туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Анын алгачкы ийгиликтери азыртан эле байкала баштады.
Биздин алдыбызда өнүккөн өлкөлөр кылымдап баскан жолду кыска мезгил аралыгында басып өтүү милдети турат. Биз үчүн аны эч ким жасап бербейт, бакубат келечегибизди өз колубуз менен жасап алууга тийишпиз. Жашына, жынысына, улутуна, диний ишенимине карабастан, эл ичинде ынтымак менен ырашкерлик, өз ара түшүнүүчүлүк, бири-бирине түтүмдүүлүк болуусу абзел. Ал үчүн, биздин бирдиктүү жана иштиктүү аракетибиз керек. Тарыхый талап ушундай!
Дагы бир ирет майрамыңар кут болсун! Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун, кырмызы кызыл желегибиз түбөлүккө желбирей берсин!
Эске салсак: Мамлекеттик желектин авторлору – Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Маматбек Сыдыков; Мамлекеттик гербдин авторлору – Садырбек Дубанаев, Асеин Абдраев; Мамлекеттик гимндин авторлору – сөзү Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдики, музыкасы Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.
Пикир
Оставить комментарий