• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кубатбек Боронов Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалы менен таанышып жүрөт

Коом 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 30-ноябрында КР өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор К.А.Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген топ Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалы менен таанышып, коюлган тапшырмалардын аткарылуусуна жеринен көзөмөл жүргүзүү үчүн иш-сапарда жүрүшөт.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жалпы Чоң-Алай району боюнча авариялык абалдагы үйлөрдүн саны 642 ге жеткен. Бүгүнкү күндө 405 үй толук бүткөрүлүп, 237 үйдүн курулуш иштери улантылууда.

Министрдин эл менен жолугуу мезгилинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Сабиржан Курбанбаев: “ Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга АКТЕД эл аралык уюму жана Ага-Хан фонду тарабынан башында 62 үй куруу пландаштырылган. КР ӨКМи курулуш материалдарын ташып бергендигинин натыйжасында, акча каражаты үнөмдөлүп, дагы кошумча 20 үй плага киргизилген. Бүгүнкү күндө 82 үй аталган эл аралык уюмдар тарабынан курулду”- деди.

Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга арзан баада курулуш материалдары жеткирилип, мындан сырткары гуманинардык жардамдар да берилген.

КР ӨКМнин унаалары менен 2017-жылдын 16-майынан 20-октябрына чейин жалпы 4281 тонна цемент жеткирилген.

Мындан сырткары 2017-жылдын 8-августунан 1-октябрына чейин 374 500 даана кыш жеткирилген.

Ошондой эле, жер титирөөдөн жабыркаган элге жардам берүү максатында КР ӨКМ тарабынан атайын эсеп ачылып, эсепке 2017-жылдын 13-сентябрына карата 26 млн. 230 мин 176 сом 38 тыйын түшүп, анын ичинен 2017-жылдын 13-сентябрына карата 24 млн. 632 миң 188 сом жергиликтуу бийлик тарабынанэлге таратылып берилген.

Кыштын ызгаардуу күндөрү жакындаганына байланыштуу, жергиликтүү Жарандык коргоо комиссиясы тарабынан мобилдик үйлөргө муктаж үй-бүлөөлөр такталууда.

Бүгүнкү күндө, КР ӨКМ тарабынан 4 мобилдик үй Шибээ айылына жеткирилип берилди.

Эскерте кетсек, Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3 жана 5-май күндөрү очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө (Очогу Тажикстанда), Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынын түштүк батышынан 26 чакырым, Шибээ айылынын түштүк батышынан 35 чакырым, алыстыкта катталган. Чон-Алай районунун Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 балл, башка райондордо 4-5 балл сезилген.

7-майдан 8-майга караган түнү ошол эле аймакта көрсөткүчү 3 баллга жеткен 2 жолу жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен турак үйлөр жана социалдык объектилер авариялык абалга келген. Материалдык чыгым болжол менен 124 млн. 840 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий