• 87
  • 89.63
  • 0.85

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көлдүн айыл өкмөттөрүнө жана мектептерине жардам берди

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчиси Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көл облусунун Барскоон айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызматы үчүн сатылып алынган атайын техниканы тапшыруу аземине катышты.

Компаниядан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен жүк көтөрүмдүүлүгү 8 метр кубду түзгөн таштанды ташуучу унааны сатып алууга Кумтөр ишканасы каражат бөлгөн.

«Өзүңөр жакшы билгендей, Кумтөр ишканасы алдыңкы өнөр жай ишканасы катары, өзүнүн коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин эч качан унутта калтырбайт. Өзгөчө Жети-Өгүз районунун тургундарынын өтүнүчтөрүн ар дайым колдоого алып келебиз. Барскоон айылынын тазалыгы үчүн кызмат кылсын деп ушул турган таштанды ташуучу техниканы сатып алууга 3 млн сом бөлүп бердик», - деди ал.

Белгиленгендей, FAW үлгүсүндөгү таштанды ташуучу бул унаа 3 млн 668 миң сомго сатылып алынып, анын 668 миңин жергиликтүү тургундар өздөрү чогултушкан.

Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» тарабынан Барскоон айылынын Э.Кендирбаев атындагы орто мектебине 2 заманбап интерактивдүү смарт-панель сатып алууга 410 миң сом, Тамга айылдык мектебинин техникалык базасын чыңдоого 480 миң сом бөлүндү. Ал эми Кызыл-Суу айылынын футболдук командасына форма, топ жана башка керектүү шаймандарды сатып алууга 118 миң сом тапшырылды.

Ошондой эле Алмазбек Барыктабасов билимге умтулган элеттик жаштарга «Кумтөр Голд Компани» ар дайым колдоо көрсөтүп келгенин баса белгилеп, Индонезия өлкөсүндө өтүүчү химия боюнча эл аралык олимпиадага жолдомо алган Балтабай айылынын 9-классынын окуучусу Атабек Бейшебаевге 112 миң сом бөлүп берүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий