• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кумтөрдү улутташтыруу өлкөнүн экономикалык абалына олуттуу таасирин тийгизди – экономист

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кумтөрдү улутташтыруу өлкөнүн экономикалык абалына олуттуу таасирин тийгизди. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, “Кумтөр Голд Компани” алтын казып алуу тармагындагы ишмердүүлүгү менен көп жылдардан бери Кыргызстандын экономикасында негизги ролдун бирин ойноп келет. 2022-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруудан кийин өлкө экономикасындагы кырдаал жаңы өзгөчөлүктөргө ээ болду.

"Биринчиден, улутташтыруу Кыргызстанга ири алтын кенин толук көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берди. Бул эми Кумтөрдү иштетүүдөн түшкөн бардык кирешелер мамлекеттик бюджетке түшөт дегенди билдирет, бул өлкөнүн каржылык кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүн болду.

Экинчиден, улутташтыруу өлкөнүн финансылык агымына олуттуу таасирин тийгизди. Мамлекеттин менчигине өткөндөн кийин Кумтөрдөн түшкөн пайда Кыргызстандын бюджетинин маанилүү киреше булактарынын бири катары мамлекеттин финансылык абалын жакшыртууга да жардам берип жатат десек болот.

Үчүнчүдөн, улутташтыруу инвестиция жана ресурстарды башкаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, башкача айтканда аймактын инфраструктурасын жана социалдык өнүгүүсүн жакшыртууга жардам берип жатканына күбө болуп жатабыз.

Төртүнчүдөн, узак мөөнөттүү келечекте жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү жумушчулардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга салым кошо алат жана бул иш менен камсыз болуу деңгээлине жана кесиптик чеберчиликти өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деп билсек болот", - деди Алмаз Кадыралиев.

Ошондой эле экономист "Кумтөр Голд Компани" ишканасын улутташтыруу Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын башкаруудагы олуттуу кадам болуп калганын белгилеп, өлкө экономикасына тийгизген оң таасиринин мындан ары уланышы өкмөттүн активдерди натыйжалуу башкаруу, укуктук ченемдерди сактоо жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды экенин да айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий