• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда саат 9:00дөн 17:00 гө чейин оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу Тихий, Кугартская, Крупская, Манас, Студентский, Жеңи-жок № 11,17,19,12,14,1,2,3,5,7,40,22 , Олимпийская № 66, Күрөңкеев, Циалковский, Макаренко, Манас проспектиси № 2,4,6,8,10,14,16,18,20,22,24,82,84 электр жарыгы болбойт.

Шаардык мэрия жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий