• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ленин округунан Жогорку Кеңешке депутатты кайра шайлоо. Эки талапкерден арыз түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүн саат 09:00гө карата №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен эки талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;

- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий