• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандыктар сууга болгон салыкты эсептегичтер аркылуу төлөй башташат

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын калк жайгашкан пункттарын 2026-жылга чейин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында өлкөнүн бардык жашоочуларына суу эсептегичин орнотуу милдеттендирилет.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында мындай чара калк колдонуп жаткан суунун көлөмүн жана анын берилишине жараша салыктын чогулушун көзөмөлдөй тургандыгын билдирди.

“Эсептегичтерди орнотуу өлкөнүн үч облусунда жүрүп жатат: Ош, Чүй жана Ысык-Көл, бирок бир айылдын тургундары бул чараларга каршы чыгышып, аны өз жерлеринин жаратылыш байлыгы үчүн төлөбөй тургандыктары менен түшүндүрүшкөн”,-деп билдирди Токтошев.

Ал түшүндүргөндөй, абоненттер өздөрү колдонгон суунун көлөмү үчүн гана көрсөтүлгөн сумманы төлөй башташат. Алсак, анын маалыматында, жер үйлөрдө суткасына орточо эсеп менен бир үй-бүлө 35 литрге жакын суу колдонот, ал эми көп кабаттуу үйлөрдө 325 литрге чейин. Ага байланыштуу бүгүнкү күндө калк колдонгон сууну каттоого алуу зарылдыгы турат.

Пикир

Оставить комментарий