• 87
  • 90.43
  • 0.88

Куткаруучу Темирлан: "Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт"

Коом 0


Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык 150дөн ашык куткаруучу ушул тапта жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Андан тышкары, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөткөн кыргыз дарыгерлери да жеринде иш алып барышууда.

"Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбызга сүйүндүм" деген КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу-котормочусу Темирлан Жумамүдүнов куткаруу иштерини жүрүшү тууралуу баяндап берди.

Адам өмүрүнүн сакчысы Темирлан Жумамүдүнов Кыргызстандан келген куткаруучулар сегиз күндүн ичинде урандылардын астынан 5 тирүү жаранды алып чыгышкандыгын айтты.

"Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт. Биздин куткаруучулар алгач келиндин үнүн угуп, ошол жерге бардык. Келинди бир саат дегенде урандылардын астынан алып чыктык. Мен эң биринчи кирген учурумда келиндин ал-акыбалын сурадым, суу бердик. Келиндин жакындары бизге өз ыраазычылыктарын билдиришти", - дейт куткаруучу.

Темирлан Жумамүдүнов кыргыз куткаруучулары бир эмес, эки адамды келинди ичиндеги наристеси менен куткарып жаткандыктарына төбөлөрү көккө жетип, бир башкача сезимде болушкандыгын кошумчалады.

"Куткаруучу экендигиме, ушул кесипти тандаганыма аябай сыймыктандым", - дейт ӨКМдин куткаруучу-котормочусу.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий