• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандан Кыргызстанга 22 тонна тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда тоо этинин ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

"Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий