• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин башкы архитектору жарандарды жаңы форматта кабыл ала баштады

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев жарандарды жаңы форматта кабыл ала баштады.

Башкы архитектор өзүнүн социалдык баракчасында ар шейшемби күнү “Бишкекбашкыархитектура” мекемесинде жарандарды жеке кабыл алып жаткандыгын билдирген. Каалаган ар бир адам шаар курууга байланышкан суроо-маселелери менен кайрыла алат.

"Кечээ 15 кишини кабыл алууга мүмкүнчүлүк болду жана жолугушуулар "Бишкекбашкыархитектуранын" Facebook баракчасындагы түз эфирде көрсөтүлүп турду. Кабыл алуу, анда сүйлөшүлгөн сөздөр интернет колдонуучуларга да кызык болсо керек деген таризде чыгардык.

Бул жолугушуулардын максаты - жарандар менен ортодо сый жана ишенимдүү мамиле түзүү жана көйгөйлөрдү чечүүдө аларга жардамдашууболуп саналат. Эгерде архитектура темасы боюнча кандайдыр бир суроолоруңуздар болсо, кийинки күндөргө жазылыңыздар. Сиздерди күтөм!"- деп жазган Карыбаев.

Пикир

Оставить комментарий