• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милдетибиз - уул-кыздарыбызды мекенчил, чынчыл жана ыймандуу кылып тарбиялоо – Баатыр эне

Коом 0

2012-жылдан тарта өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жумасы “Энелер күнү” катары белгиленип келет. Быйыл КР Президентинин Жарлыгына ылайык, “Баатыр эне” ордени менен жети жана андан ашык баланы толук кандуу тарбиялап жаткан 1миң 618 эне жана 551 алты балалуу эне “Эне даңкы” медалдарын алышты.

Энелер күнүнө арналган иш чаралар Кыргызстандын бардык аймактарында кызуу белгиленип жатат. Майрамды утурлай Нарын облусунун Кочкор районунун акимчилиги тарабынан уюшулган иш-чарага көп балалуу жана баатыр энелер чакырылды. Ага Аккыя айылынан келген 68 жаштагы баатыр эне Бейшембаева Зарылбүбү апа да катышты.

- Зарылбүбү апа, баатыр эне болуу жана ошончо милдетти алып жүрүү оңойго турбаса керек?

- Эне болуу бул ар бир аялзатынын жашоодогу баа жеткис байлыгы. Катардагы энелер сыяктуу эле, менин балдарым - жашоомдун маңызы. Ушундай бактылуулукту аялдарга насип кылган жаратканга шүгүрлөр болсун. Эне болуу жана анын милдети өтө олуттуу, ары кыйын нерсе. Анткени, тарбиянын басымдуу бөлүгү энеден берилет, биз кандай балдарды тарбияласак келечегибиз, кыргыздын тукуму ошондой уланат. Андыктан негизги милдетибиз уул-кыздарыбызды мекенчил, ыймандуу, адамгерчиликтүү, чынчыл жана адилеттүү кылып тарбиялоо мойнубузда турат.

- “Энелер күнү” майрамын кандай маанайда тососуз?

- Бул майрамды белгилеп, энелерге көңүл буруп койгон ажобузга ыраазычылык билдирем. Мурун бир түрк тасмасынан аларда ушундай майрам бар экенин, энелерине бул күнү өзгөчө сый, кубаныч тартуулап жаткандарын көрүп абдан суктангам. Бизде да ушундай майрам белгиленсе деп ойлоп койгом. Кудай буюруп беш жылдан бери Энелер күнүн белгилеп келе жатабыз. Бул күнү балдарымдын, небелеримдин кучагында сый-урмат көрүп, өткөрүп келем.

- Союз убагында аялдар бир гана бала карап үйдө отурбастан колхоздун ишине да активдүү катышчу. Мындай учур балдар менен кыйла эле кыйын болсо керек, ошол учурда ишке дагы үй-тиричилигине дагы кантип үлгүрчү элеңиз?

- Элден кем калбаш үчүн деле жетишкенге аракет кыласың. Жашоо өз агымы менен кете берет дегендей, өз иштериң да чечилип, бүтө берет, ага болгону жетишүүгө аракет кылуу зарыл. Ал кезде азыркыдай даяр сүт, жалаяктын ордун баскан каражаттар, бала кароочу деген түшүнүктөр жок болчу. Көп балалуу болсом да бухгальтердик жогорку билим алып, кесибим менен иштедим.

- Канча балаңыз жана небереңиз бар?

- Алты эркек, төрт кызды жарыкка алып келдим. Азыркы учурда жыйырма неберем, эки чөбөрөм бар.

- Болочоктогу эне боло турган кыздарга кандай кеп- кеңеш бересиз?

- Дени сак эне – дени сак улут дегендей, келечек муундун саламаттыгы өсүп келе жаткан кыздарыбыздан көз каранды. Бекеринен эне генофондду алып жүрүүчү деп аташпаса керек. Ар бир кыргыздын кызына айтаарым эң башкысы дениңер чын, акылыңар терең, илим-билим казынасы бай, жүрөгүңөрдө аруулук, ыйман болсун. Силердин алган тарбияңар, билимиңер өз балдарыңарга бериле турганын унутпагыла.

- Сиздин жаш кезиңиздеги энелерден азыркы энелердин айрымасы барбы? Бул мезгил аралыгында энелердин милдети, жоопкерчилиги өзгөрдү деп ойлойсузбу?

- Албетте, бар деп ойлойм. Ал учурдан бери мезгил өзгөрдү, доор алмашты дегендей. Азыркы биздин жаштар эки үчтөн, ашып кетсе бештен бала төрөшөт, буга да ар кандай себептер болушу мүмкүн, кыз-келиндерибиздин ден соолугу да мурункудай көп бала төрөгөнгө да мүмкүнчүлүк бербейт өңдөнөт. Мени эң өкүндүргөнү жумушсуздуктун айынан, жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү чет жактарга жумуш издеп кетишип, балдарынын бул жакта эне мээримине зар болуп томсоруп, каралбай калышы. Тууган-туушкандарына таштап кетишет, кандай болбосун баланы энедей эч ким түшүнө да, сүйө да албайт. Ар бир жаш наристенин толук кандуу инсан болуп калыптануусу үчүн Ата-энесинин жанында болуп, тарбиясын, кеп-кеңешин берип туруусу өтө маанилүү. Андыктан, элибиздин жашоо-тиричилиги оңолуп, тынчтык болуп, эч бир Кыргызстандык жумуш издеп сыртта жүрбөсүн. Балдарынын,ата-энесинин жанында бактылуу, бакубат өмүр сүрсүн дээр элем.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Алина Керимбекова

Пикир

Оставить комментарий