Кыргызстан Кытайга өрүк жана шабдалы экспорттойт

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу "Өрүк жана шабдалы мөмөлөрүнө фитосанитардык талаптар жөнүндө" протоколдун долбоору даярдалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, экспорттолуучу өрүк (Prunus armeniaca) жана шабдалы (Prunus persica) мөмөлөрү Кытайдын саламаттык жана коопсуздук, ошондой эле фитосанитардык талаптарына туура келиши керек.

Талапка ылайык, Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын кызматкерлери өрүк жана шабдалы мөмөлөрү өстүрүлгөн, сакталган жана таңгактоочу жерди текшеришип, анын жыйынтыгы менен продукцияны экспорттой турган бактардын тизмеси түзүлөт.

Министрлик өрүк жана шабдалыны экспорттоо менен алектенген айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн тыгыз кызматташууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Бишкек шаары, Киев көч. 96Б, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин тышкы өсүмдүктөрдүн карантини бөлүмүнө, телефондор: 0312 620292, 0312 620842.

Пикир

Оставить комментарий