Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк жана Борбор Азия департаментинин жаңы дайындалган директору Кеннеди Майонг Онон менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара кызматташуунун боюнча актуалдуу маселелери талкууланды.
Анын ичинде үстүбүздөгү жылдын май айында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, учурда эки тараптын кароосундагы келишимдердин долбоорлору, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруунун келечеги боюнча пикир алмашуу орун алды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө умтулуусун тастыкташты.
Пикир
Оставить комментарий