• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

Экономика 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экендиги аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк продукцияларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продукцияларына болгон баа коңшу Казакстандын базар бааларынан 3,94%га жана Россиядан 7,9%га төмөн экендиги аныкталды.

Ошондой эле эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продукцияларына болгон баа 0,6% га жогоруласа, коңшу Казакстандын базар баалары 0,7 % га, ал эми Россия Федерациясы 1,5 % га жогорулагандыгы байкалды.

Мисалы, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продукцияларга болгон баа туруктуу, ал эми Каракол шаарында пастерленген сүттүн баасы 1,3 сомго, тазаланган күн карама майы 3,5 сомго, кумшекер 2,7 сомго төмөндөгөн. Ал эми, Ош шаарында пастерленген сүттүн баасы 5 тыйынга төмөндөсө, тазаланган күн карама майы 7 сомго, бодо мал эти 15 сомго, кой эти 20 сомго, тоок жумурткасы 5 сомго, сабиз 2,5 сомго жогурулаган, кумшекер 2,5 сомго, картөшкө 6,5 сомго төмөндөгөнү байкалган.

Казакстандын Костонай облусунда азык-түлүктөрдүн баасында өткөн апта менен салыштырмалуу чоң өзгөрүү байкалган жок. Болгону пастерленген сүттүн баасы 11 сомго, жана уй эти 5 сомго кыбаттаган. Карагандада күрүч 5 сомго жогоруласа, пастерленген сүттүн баасы 1,5 сомго төмөндөгөн. Актөбөдө өсүмдүк майы 5 сомго жогоруласа, уй эти жана макарон азыктары 1 сомго төмөндөгөн.

Россиянын Тюмень облусунда бул аптада азык-түлүктүн баалары кой этине, кумшекер, тоок жумурталарынын баалары жогорулагандыгы байкалган.

Красноярск шаарында бодо мал этинин, күрүч, тоок жумурткасынын, жана сабиздин баалары жогорулагандыгы байкалса, Саратов облусунда бул аптада уй этинин, сабиз, баш пияздын баалары жогорулагандыгын байкаса болот.

Пикир

Оставить комментарий