• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда бир аптада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 29-июлдан 4-августка чейин 20 миң 245 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-482;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -200;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3170;
  • Авто ээнбаштык - 12;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4280;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 1;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 311;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1605 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББы эгерде жол эреже бузуу фактысына күбө болсоңуз (0777) 102-102 ишеним номерине жөнөтүп койсо болоорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий