Кыргызстанда январда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 7,5%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. 2023-жылы январь айында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 27 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,5%га өскөндүк дегенди билдирет.

"Мындай көрсөткүч текстиль, кийим-кече жана бут кийим, булгаары буюмдары, фармацевтика, тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) жана тамеки, жыгач жана кагаз буюмдары, тоо-кен өндүрүшүнүн өсүшү менен шартталган", - деди ал.

Ал белгилегендей, ошол эле учурда күйүүчү-майлоочу майларды, резина, пластмасса жана курулуш материалдарын өндүрүүдө терс тенденциялар байкалган.

Пикир

Оставить комментарий