• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кыргызстанда кайсы азык-түлүктөр кымбаттады – тизме

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырганда) өлкө боюнча жалпысынан керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,4%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-ноябрь айлары үчүн 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 6,9%ды түзгөн.

Мында алкоголдук ичимдиктерге жана чылымга болгон баа 10,6%га, азык-түлүк эмес товарларга - 4,9%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,8%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер 7,9%га жогорулаган.

Кымбаттоолор:

• өсүмдүк майы — 2,9 пайызга;
• картошка — 23,1 пайызга;
• балмуздак -14,1 пайызга;
• бал — 13,3 пайызга;
• жаңы союлган эт — 12,2пайызга;
• малдын майы - 11,7пайызга;
• майлуу быштак- 8,5 пайызга;
• кондитердик азыктар -7,4 пайызга;
• балык - 6,4 пайызга;
• жогорку сорттогу ун - 5,7 пайызга;
• алкоголсуз суусундуктар - 5,6 пайызга;
• нан азыктары - 5,5 пайызга;
• алкоголсуз суусундуктар — 5,8 пайызга;
• күрүч — 4,1 пайызга;
• сүт — 3,2 пайызга;
• сыр — 3,8 пайызга.

Муну менен катар баанын төмөндөшү да катталган. Алар:

• гречкага -17,6 пайызга;
• мөмө-жемиштерге - 14,9%пайызга;
• жашылчаларга - 4,9 пайызга;
• кыямга — 2,9 пайызга;
• жумуртка — 2,6 пайызга;
• биринчи сорттогу ун — 2,4 пайызга;
• пахта майы — 0,5 пайызга.

Пикир

Оставить комментарий