• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү басаңдоодо – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү басаңдоодо: 2023-жылдын октябрында (20-күнү) инфляция жылдык мааниде 9,2% түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө баанын жалпы деңгээли 6,7%га өскөн.

"Инфляциянын азык-түлүк компоненти баанын өсүшүнүн басаңдагандыгын көрсөтүп турат. Бирок, кызмат көрсөтүүлөргө жана азык-түлүк эмес товарларга баалар мурдагыдай эле деңгээлде калууда, бул инфляциянын мурда белгиленген жана пайда болгон факторлорунун (анын ичинде администрацияланган баалар менен тарифтердин жогорулашы) таасирин чагылдырат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий