Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 195 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын өндүрүш продукциясынын көлөмү 195 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-майына салыштырмалуу төмөнкү өндүрүштөрдүн эсебинен 2,6%га өскөн:

  • тазаланган мунай продуктулары — 55,7%га;
  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүк — 26,6%га;
  • тамак аш продукциясы (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдары — 21,6%га;
  • текстиль өндүрүшү, кийим тигүү — 15,9%га;
  • фармацефтикалык каражаттарды чыгаруу — 14,2%га;
  • химиялык продуктулар — 12,8%га;
  • резине, пластмасса буюмдары жана курулуш материалдарын чыгаруу — 8,1%га.

Ал курулушта (51,6%), дүң жана чекене соодада (20,8%) жана айыл чарбасында (2,%%) оң тенденция байкалганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий