• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 27.07.24. /Кабар/. Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформанын жүрүшүн талкуулаган тегерек столдо билдирди.

Иш-чарага саясат таануучулар, эксперттер жана агенттиктин жооптуу кызматкерлери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев маалымдагандай, жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжасында республикадагы 452 айыл аймагы 235 аймакка бириктирилди. Шаарларын саны 32ден 33кө көбөйдү, анын ичинен эки шаар облустук маанидеги шаар макамын алды.

"Жаңы түзүлгөн айыл аймактарынын потенциалын жогорулатуу жана ишине дем берүү үчүн жаңыдан түзүлгөн айыл аймактарына жана шаарларга 10 млн сомдон кошумча каражаттарды бөлүү пландалууда.

Реформанын негизинде айыл өкмөттөрүнүн штатында коомдук коопсуздук, саламаттык сактоо, мал чарбачылыгы, жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү, IT технологиялары боюнча адистер алына тургандыгы каралган", - деди ал.

Бүгүнкү күндө “Санарип аймак” тутумуна 268 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинен 235 айыл өкмөтү жана 33 шаар туташкан.

Өз кезегинде, эксперттер административдик-аймактык реформа зарылдыгы көптөн бери көтөрүлүп, бирок реалдуу аракеттер жасалбагандыгын белгилеп, учурдагы реформа туура багытта бараткандыгын айтышты.

Пикир

Оставить комментарий