Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында 2 коло медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. 2024-жылдын 25-30-июнь күндөрү Түркиянын Анталья шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында XXVIII Балкан математикалык олимпиадасында кыргызстандык окуучулар эки коло медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, аталган олимпиадага 135 өлкөдөн 22 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында "Газпром Кыргызстан" мектебинин 9-классынын окуучусу Тимур Акенеев жана №62 ОТК МГнын окуучусу Арлан Керимов коло медаль тагынып кайтышты.

Кыргызстандын командасынын курамында төмөнкү окуучулар болду:

1. Тимур Акенеев, "Газпром Кыргызстан" мектеби, Бишкек шаары -коло медаль;
2. Арлан Керимов, №62 ОТК МГ- Бишкек шаары-коло медаль;
3. Бектен Абдувалиев, Кыргызстан эл аралык мектеби, Ош шаары -катышуучу;
4. Нуржамал Пазылбекова, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. - катышуучу;
5. Даниил Елистратов, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОК- Бишкек ш. - катышуучу;
6. Шакиралиев Адилет, Купуев академиясы, Ош шаары-катышуучу.

Команда лидерлери:

1. Тилек Аскербеков;
2. Дослан Жекшеев.

2015-жылдан бери Кыргызстандын курама командасынын аталган олимпиадада жалпы 3 медалы бар: 1 күмүш жана 2 коло медаль.

Пикир

Оставить комментарий