• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Билим берүү министри “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын бет ачарын жасады

Билим 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева президентке “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасынын долбоорунун бет ачарын жасады.

Долбоор мектептердеги билим берүүнү трансформациялоого багытталган.

Мамлекет башчысы жаңы программа буга чейинки баркы менен мааниси кеткен кезектеги “реформага” айланбай, алдыдагы ондогон жылдарга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекем негизин түзүшү керектигин өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мектепте мектеп окуучуларынын тагдыры гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин келечеги аныкталаарын билдирди.

“Мектептердеги билим берүү маселесине кайдыгерлик кылууга акыбыз жок. Биз азыр Мекен келечеги, маанилүү улуттук маселелер дал ушул мектепте чечилип жатканын так кесе айтышыбыз керек жана даана, так аңдап-билишибиз абзел”, - деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий