• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык студенттерди музыкалык аспаптарды күүлөө боюнча окутуу сунушу айтылды

Маданият 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Steinway&Sons фирмасынын Европа, Жакынкы Чыгыш, Орто Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча аймактык директору Антон Вильхельм кыргызстандык студенттерди музыкалык аспаптарды күүлөө боюнча окутуу сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министри Алтынбек Максутов менен болгон жолугушууда айткан.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун алкагында министр 2023-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына фирманын даңазалуу концерттик роялын сатып алууга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди..

Жолугушуунун жүрүшүндө музыкалык окуу жайларындагы, театралдык оюн-зоок мекемелериндеги музыкалык аспаптардын азыркы абалы, музыкалык аспаптарды күүлөгүч (настройщик) кесипкөй адистердин жоктугу жөнүндө талкууланды.

Өз кезегинде Антон Вильхельм жаңы музыкалык аспаптар менен камсыздоого колдоо көрсөтөрүн, кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Белгилесек, президент Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин колдоосу менен 2023-жылы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик консерваториясына акча каражаты бөлүнүп, STEINWAY&SONS D274 моделиндеги концерттик роялы сатылып алынган.

Пикир

Оставить комментарий