Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкекте Кореяга жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча жумуш берүүчүлөр менен келишим түзгөн 15 адамдан турган топ үчүн окутуулар уюштурулду.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришкендей, алар корей тилин билүүгө жана аны жумушта колдонууга басым жасалган 5 күндүк жөнөтүү алдындагы окутуудан өтүштү.
Программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- маданияттар аралык түшүнүшүү, Кореянын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу;
- социалдык ченемдер;
- корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
- кореялык коомчулукка жакшы аралашууга жана кабыл алган тараптын жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө жардам берүүчү каада-салттар.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бул программанын алкагында 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында жумушка ийгиликтүү орноштуруп жатат. Тараптардын ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде 5 миңден ашуун кыргыз жараны жумушка жөнөтүлгөн. Азыркы учурда Кореяда EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча, Кореяга жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң АКШ долларына барабар айлык алышат.
Эмгек мигранттарынын негизге бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:
- тамак-аш;
- химиялык өнөр жай;
- кагаз өндүрүү;
- пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.
Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий