Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын 23 мектебинде январдан баштап мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн программалык жана окуу материалдарын адаптациялоо аркылуу «Жеке окуу планы» (ЖОП) пилоттук программасы ишке ашырыла баштады. Мындан тышкары, пилоттук мектептердин мугалимдерине 400дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууга жардам бере турган кошумча мугалим-жардамчыларды жалдоо каралууда. Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунан билдиришти.
Бул иш-чараны Борбордук Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) «Майып балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн билим берүү системасын жакшыртуу» («Биздин мектеп!») долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен уюштурууда.
Жаңы жеке окуу планын кабыл алуу физикалык жана (же) психикалык өнүгүүсүн коррекциялоого муктаж болгон баланын укуктарын камсыз кылууга жардам берет. Ошондой эле алардын жөндөмдүүлүктөрүнө, инсандык, психикалык жана физикалык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле маданий муктаждыктарына жараша сапаттуу билимге тоскоолдуксуз жетүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу коомго интеграцияланууга таасирин тийгизет.
Александровка айылындагы Али Арбуду атындагы мектептин директору Зульфия Оморова жеке окуу планын түзүү боюнча алгачкы тажрыйбасы менен бөлүштү: «Биздин мектепте 2022-жылдын январь айынан баштап үч окуучуга жеке окуу пландарын иштеп чыгууну баштадык. Окуу үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн мектеп: ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жана окуучулардын суроо-талаптарын эске алуу менен ата-энелер менен бирдикте окуучу үчүн жеке окуу планын иштеп чыгат; билим берүү программасын ишке ашыруунун мөөнөттөрүн жана деңгээлин аныктайт; жеке окуу планы боюнча окутууда окуучуларга жана ата-энелерге окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрөт; сабактардын жана консультациялардын графигин түзөт».
Борбордук Азиядагы Евразия фондунун директору Анара Надирбекова белгилегендей: «Албетте, өзгөчө билимге муктаж балдар менен иштөөдө волонтердук колдоо дайыма эле жетишсиз. Мектептен тышкаркы клубдардын волонтерлору социалдык педагогдорго жардам көрсөтүүгө активдүү катышышат. Булар жогорку класстын окуучулары. Мындай иште эң негизгиси мектепте толеранттуу чөйрөнү түзүү болуп саналат. Чынында эле, балдар коллективинде психологиялык климатты көбүнчө өспүрүмдөр түзөт. Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы 2-мектепте да ушундай эле мектептен тышкаркы клуб бир нече жылдан бери иштеп келе жатат. Бул модель «Биздин мектеп» долбоорунун алкагында 23 пилоттук мектепте социалдык педагогдор тарабынан да колдонулат».
Андан тышкары, мектептер «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен Борбордук Азиянын Евразия Фондунан инклюзивдик билим берүү боюнча усулдук адабияттардын топтомун алышты. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн усулдук бурчтары уюштурулуп, алардан мектеп мугалимдери өзгөчө билимге муктаж балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча керектүү маалыматтарды таба алышат. Мектеп жетекчилиги соңку жылдары өзгөчө балдардын саны кыйла көбөйгөнүн белгилейт. Көбүнчө балдар мектепке интеллектуалдык жана сүйлөө бузулуулары менен келишет. Ушуга байланыштуу мугалимдер өзгөчө иш ыкмалары, ата-энелер менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана окуучуларды баалоо ыкмалары боюнча маалыматтык материалдарга абдан муктаж.
«Бул программаны киргизүү менен биз биринчи кезекте орто мектептердеги балдарга психологиялык-педагогикалык жактан сапаттуу колдоо көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү үчүн жаңы материалдарды, өзгөчө балдар үчүн жеке пландарды иштеп чыгууну жана баалоону көздөп жатабыз, - дейт «Сорос-Кыргызстан» фондунун билим берүү программасынын директору Валентин Дейчман., - пилоттуктун натыйжалары бүткүл республика боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды билим берүү процессине киргизүүнүн ийгиликтүү педагогикалык тажрыйбаларын жана ыкмаларын кайталоо үчүн колдонулат».
Пикир
Оставить комментарий