• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Быйыл рейд учурунда көчөдө жашап жүргөн 423 өспүрүм аныкталган

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде милиция кызматкерлери 736 рейддик иш-чара өткөргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, "Өспүрүм", "Кароосуз", "Камкордук", "Кайрадан мектепке", "Антирэкет", "Лидер" аттуу иш-чаралар жүргүзүлгөн.

"Рейд учурунда 3 миң 328 жашы жете электер аныкталган. Алардын ичинен көчөдө жашап жүргөн 423, кайырчылык кылган 139, спирт ичимдигин колдонгон 11 жеткинчек аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо жана башка мамлекеттик органдарга жөнөтүлүүдө.

Милициянын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн алдын алуу каттоосунда жашы жете элек 1 миң 523 өспүрүм, жашоо тиричилиги оор 410 үй-бүлө турат.

Пикир

Оставить комментарий