• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстандын элчиси Нидерланддар падышасына ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Бүгүн Гаагада Кыргызстандын элчиси Айдит Эркиндин Нидерланддар падышасы Виллем-Александрга ишеним грамоталарын тапшыруу аземи өттү.

Аталган салтанаттын алкагында элчи Айдит Эркиндин Нидерланддар падышасы Виллем-Александрдын аудиенциясы орун алды.

Аудиенциянын жүрүшүндө Кыргызстан менен Нидерланддар Падышачылыгынын ортосундагы эки тараптуу, ошондой эле аймактык жана глобалдык форматтарда, анын ичинде Европа Биримдиги, БУУ жана башка уюмдардын алкагында кызматташуунун келечектери талкууланды.

Элчи Нидерланддар падышасына президент Садыр Жапаровдун саламын айтып, Кыргызстандын башчысынын 2024-жылдын июнунда Брюсселге болгон иш сапарына, ошондой эле Кыргыз-Европалык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгарган Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлганына көңүл бурду.

Ошол эле учурда Айдит Эркин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан улуттук кайра жаралуудан улуттук гүлдөп-өнүгүүгө чейинки баскычтан өтүп жатканын баса белгиледи.

Аудиенция конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Ошондой эле ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында элчи А.Эркиндин Нидерланддардын Тышкы иштер министрлигинде Протокол департаментинин директору Д.Кюлинг, Европа департаментинин директору Э.Верстрате жана Көп тараптуу уюмдар жана Адам укуктары боюнча Директоратынын директорунун орун басары Л.Банш менен жолгушуулар өткөрүлдү.

Аталган жолугушууларда Кыргызстан менен Нидерланддардын ортосундагы экология, энергетика, соода жана туризм чөйрөлөрүндөгү кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчалардагы өнөктөштүктүн келечектери каралды.

Мындан тышкары, элчи Арбитраждык соттун туруктуу палатасынын башкы катчысы М.Чепелак, Нидерланддар ишкердик агенттигинин өкүлдөрү жана бир катар өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Анда тараптар актуалдык маселелер жана учурдагы эл аралык күн тартиби боюнча өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий