• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде Ноорузга арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде кыргыз диаспорасы менен биргеликте уюштурулган Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, 2022-жылы Малайзияга билим алганы жаңы келишкен студенттерге ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалашты.

Ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн мыйзамдарын жана миграциялык режимди сактоонун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгилеп, элчиликтин ишмердүүлүгү, жакынкы иш пландары, жана консулдук маселелер боюнча консультацияларды өткөрүштү.

Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси А.Акималиева көп жылдардан бери Малайзияда иштеп, жашап жүргөн башка мекендештер менен жаштарды ынтымакта, биримдикте жүрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий