• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу 80%га бүттү

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Министр Аскарбек Жаныбеков Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Баткен районундагы ири ирригациялык объектилердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр 2017-жылдын аягында башталган, ушул жылдын күзүндө бүтө турчу Молдо-Нияз каналын куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Каналдын сметалык баасы 280 млн сомду түзөт. Курулуш аяктагандан кийин 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жер суу менен камсыз болот.

Долбоордун алкагында узундугу 538 жана 165 метр болгон эки тоннелдин курулушу аяктады. Ошондой эле, 80% магистралдык каналдын жана чарбалар аралык сугат тармактарынын курулушу ушул жылдын октябрь айына чейин толук бүтөөрү маалымдалды.

Андан кийин А.Жаныбеков Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу менен таанышты. 2020-жылы ноябрь айында биринчи этабынын курулушуна 100 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынган. Иштин 80% га жакыны бүттү: башкы структуранын, суу алдындагы каналдын жана тунгучтун курулушу аяктоо алдында турат. Объект өзү 4 этап менен курулат. Бардык курулуштун сметалык баасы 1 млрд 900 млн сомду түзөт.

“Эгерде каражат өз убагында бөлүнүп берилсе, анда объектини 4 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Курулуш аяктагандан кийин 1 миң 800 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт, 7 миң 550 гектар жер суу менен камсыз болот. Биринчи этап май айынын аягында бүтөт”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий