Ленин округунан кайра шайлоо. БШК Жаныбек Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектин бир мандаттуу Ленин округунун экс-депутаты Жаныбек Абировго кайра шайлоого катышууга каттоодон баш тартты. Мындай чечимди күн мурун Боршайкомдун мүчөлөрү отурумда кабыл алышты.

БШКнын 9 мүчөсү каттоого "каршы", үчөө "макул" добушун берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Абиров аталган чечимге каршы сотко даттанса болорун айтты.

Белгилей кетсек, аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте кафелердин бириндеги мушташ чырынан кийин мандатып тапшырган. Кийин БШКнын чечими менен 2023-жылдын 28-майында Ленин округунан кайра шайлоо өтүп, бирок, мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Эске сала кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага "мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган.

Андан соң Жаныбек Абиров моралдык укугу жок экендигин айтып, мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү, 2023-жылдын 27-мартында БШК Абировду депутаттык мандатынан ажыраткан.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Пикир

Оставить комментарий