• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ак-Буура дарыясынын жээги жыл соңуна чейин көрктөндүрүлүп бүтөт. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23./Кабар/. Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы натыйжалуу ишке ашырылууда.

Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, заманбап жарыктандырылып, 14 терраса, жашыл аймактары бар кичи аралдарды орнотуу каралган. Жумуштун аяктоо мөөнөтү 1 жыл.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» биргелешкен алты долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий