• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сузак районунда 21 жаштагы Кадырбек уулу Адилет изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Сузак районунун Мазар-булак айылынын тургуну 21 жаштагы Кадырбек уулу Адилет изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 4-ноябрь күнү ушул эле райондун Соку-Таш айылында таенесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Белгиленгендей, учурда Кадырбек уулу Адилеттин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 170-175 см, өңү ак жүздүү, көзү кара, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү спортивка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү кроссовки болгон.

Өзгөчө белгилери: Угат, бирок сүйлөй албайт.

"Дайынсыз болуп жаткан Кадырбек уулу Адилет тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлери: 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий