• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облустук милициясынын жетекчилиги улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилеринин жана экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлеринин Чүй облусунда жашаган ар улуттун диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын максаты — улуттар аралык негизде чыр-чатактардын келип чыгышын алдын алуу, өз ара сабырдуулукту, мыйзамдуулукту сактоонун зарылдыгын, тартипти бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулоо.

Ошондой эле катышуучулар өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого багытталган өз ара аракеттенүү жана профилактикалык иш-чаралар, жаштар чөйрөсүндө терроризм жана экстремизмдин алдын алуу, бири-бирине жана ар улуттун өкүлдөрүнө сабырдуулукту сактоо маселелерине токтолуп кетишти.

Пикир

Оставить комментарий