• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ленин районунда талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 22.05.23./Кабар/. Бишкекте №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Жолугушуунун алкагында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Эркин Булекбаев, Аким Маликов жана Айбек Субанов Ленин районунун тургундарына өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын тааныштырып, шайлоочуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

"Талапкерлер шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү мамлекеттик органдар тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча мыйзамдардын алкагында каралган бардык зарыл болгон уюштуруу чаралары көрүлгөндүгүн түшүндүрүштү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушууга БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, Ленин райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Коңуров, Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын өкүлдөрү, тартип сакчылары катышты.

Белгилей кетсек, Ленин районунда 124 миң 711 шайлоочу бар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Пикир

Оставить комментарий