• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өлкөнүн түштүгүндө автоматташтырылган метеостанциялар ишке кирди

Аймак 0


Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Күн мурун өлкөнүн түштүгүндө автоматташтырылган метеостанциялар ишке кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул станциялар суу ташкындары жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый коркунучтарга байкоо жүргүзүп, тургундардын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.

Европа биримдиги менен буунун колдоосу алдында ишке ашырылган долбоор климаттык коркунучтарга туруктуулукту арттырууну максат кылат.

Ачылыш аземине мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-декабрда Баткен облусунун Фергана өрөөнүн климаттык тобокелдиктерден жана жаратылыш кырсыктарынан коргоо максатында алдын ала эскертүүчү метеорологиялык станция ачылган.

Пикир

Оставить комментарий