• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Май айында электр энергиясына болгон баа канчага жогорулай тургандыгы айтылды

Экономика 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Быйыл май айынан тарта электр энергиясына болгон баа 26 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 кВт саат электр энергиясынын баасы калк үчүн 1 сом 37 тыйын, ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн 3 сом 49 тыйын болорун билдирди.

“Тариф саясаты 2025-жылдан 2030-жылга чейин каралган. Мисалы, былтыр 11 тыйынга көтөргөнбүз. Быйыл инфляцияга байланыштуу май айынан баштап баа дагы жогорулайт. Бүгүнкү күндө Финансы жана Экономика министрликтери менен бирге тарифти талкуулап жатабыз. Учурда жарандар 1 кВт саат электр энергиясына 1 сом 11 тыйындан төлөсө, май айынан тарта 1 сом 37 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн азыр баа 3 сом 18 тыйынды түзсө, майдан тарта 3 сом 49 тыйын болот”, - деди Ибраев.

Министр кошумчалагандай, коңшу өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстанда калк үчүн электр энергиясынын баасы 2 сом 60 тыйын, Казакстанда 4 сом 90 тыйынды түзөт. Ал эми Украинада 3 сом 90 тыйын, Азербайжанда 4 сом 70 тыйын, Россияда 6 сом 90 тыйынды түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын май айында инфляциянын көрсөткүчүнө жараша электр жарыгына болгон баа көтөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий